Бишкекте эл аралык балет жылдыздарынын бешинчи юбилейлик фестивалы өтөт

Май 20, 2025 - 19:23
Май 20, 2025 - 19:25
 22
Бишкекте эл аралык балет жылдыздарынын бешинчи юбилейлик фестивалы өтөт
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эл аралык балет жылдыздарынын бешинчи юбилейлик фестивалы өтөт.

Фестивалдын алкагында дүйнөлүк балет өнөрүнүн классикалык жана заманбап багыттарында эмгектенген алдыңкы артисттер сахнага чыгат. Эки күнгө созулган маданий иш-чарада:

23-майда – П. Чайковскийдин дүйнөгө белгилүү “Ак куу көлү” балети тартууланат;

24-майда – Чет элден чакырылган балет артисттеринин катышуусундагы Гала-концерт менен фестиваль аяктайт.

Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Япония жана Россиядан келген белгилүү бийчилер катышып, балет өнөрүнүн бийик чеберчилигин көрсөтөт.

Иш-чара продюсер Атабек Садыркулов жетектеген "ArtClassic KG" компаниясы тарабынан уюштурулууда. Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандагы балет өнөрүн өнүктүрүү, эл аралык маданий байланыштарды кеңейтүү жана дүйнөлүк балет жылдыздарын кыргыз сахнасына тартуу менен тажрыйба алмашуу.

Балет өнөрүндөгү алдыңкы мектептердин башкы солисттери катышкан, дүйнөлүк хореографиянын шедеврлери аткарылган эл аралык маданий майрамга барыңыздарды чакырабыз.

Билеттерди театрдын кассасынан же төмөнкү шилтеме аркылуу онлайн сатып алса болот: