Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана өлкөнүн коммерциялык банктарынын катышуусунда "Финансылык жарманке – 2025" аталышындагы кеңири форматтагы иш-чара ийгиликтүү өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана Кыргызстан Банктар союзунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын максаты – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жарандарга банк кызматтары тууралуу толук маалымат берүү жана жаштар арасында финансылык жоопкерчиликти калыптандыруу болду. Жарманке алкагында коммерциялык банктар, микрокредиттик уюмдар жана башка финансылык мекемелер өз кызматтарын тааныштырышып, келген жарандардын суроолоруна жооп берип, байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү менен Kahoot платформасындагы интерактивдүү викторина болду.
Финансылык жарманкеге финансы-экономикалык багытта билим алып жаткан студенттер, жаш ишкерлер жана шаар тургундары катышты. Уюштуруучулардын айтымында мындай форматтагы иш-чаралар коомдо финансылык маданиятты өнүктүрүүгө жана жарандардын күнүмдүк жашоосунда туура финансылык чечимдерди кабыл алуусуна өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, иш-чара балдар жана жаштар арасында каржылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган эл аралык демилге болгон Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында уюштурулду.