Бүгүн, 13-апрелде Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган “Ак кеме” спектаклин Бишкек шаарынын тургундары жана меймандарына тартуулады.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, чыгармачыл жамаатка ийгилик каалап, спектаклдин азыркы коомдогу маанилүүлүгүн белгиледи.
“Мындай спектаклдер улуттук руханий дөөлөт экенин ошондой эле турмуштагы түрдүү окуяларды сахна аркылуу элге жеткирүү - чоң иш” – деди министр өз сөзүндө.
Эске салсак, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Бишкек шаарына 3 күндүк гастролго келген. Борбордогу көрүүчүлөр 11-апрелде “Сараң”, 12-апрелде “Күн кармаган бала” жана бүгүн “Ак кеме” спектаклине күбө болду.
Аталган театр ушул эле спектаклдер менен 19-апрелден 25-апрелге чейин Казакстан Республикасынын Астана, Караганда, Алмата шаарларына гастролдук сапар менен барат.