Бүгүн, 19-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуры Голлиев менен жолугушту.
Жолугушуу Кыргызстандын жана Түркмөнстандын маданий кызматташтыгын күчөтүү, эки өлкөнүн маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын маданият тармагындагы жетишкендиктери жана максаттары жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал Түркмөнстандын маданиятына жана искусствосуна болгон кызыгууну белгилеп, эки өлкөнүн маданий алмашуусун жандандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Элчи Нуры Голлиев Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого даярдыгын ырастап, түрк тилдүү мамлекеттердин маданий мурастарын биргелешип сактоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий алмашууларды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана искусство тармагындагы долбоорлорду өткөрүү боюнча пландарды иштеп чыгууга макулдашты.
Мындан тышкары эки өлкөнүн маданий мекемелери ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулады.