Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Саха Республикасынын (Якутия) маданият жана руханий өнүгүү министри Афанасий Ноев менен жолукту.
Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-россиялык кызматташтыктын алкагында маданият жана искусство тармагында көп жылдык кызматташууга
негизделген салттуу достук мамилелерди белгилешти.
Жолугушуунун негизги темасы 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган Саха Республикасынын (Якутия) Маданият күндөрү болду. Бул ири маданий иш-чаранын алкагында Якутиянын тарыхына жана маданиятына арналган көргөзмөлөр, якут тасмаларынын көрсөтүүлөрү, ошондой эле Максим Аммосовго арналган “Пламенный Максим” мультимедиялык экспозициясы өткөрүлөрү белгиленди.
Тараптар концерттик программаларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту. Анда Якутиянын искусство чеберлери концерт тартуулашса, Саха Республикасынын Жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери кыргызстандык көрүүчүлөр үчүн мыкты спектаклдерди тартуулашат.
Жолугушуунун соңунда тараптар алдыдагы Якутиянын Маданият күндөрү Кыргызстанда маданий байланыштарды чыңдоого, чыгармачылык алмашууну өнүктүрүүгө жана эки республиканын элдеринин ортосундагы достукту тереңдетүүгө салым кошо турган жаркын окуя болоруна ишеним билдиришти.