Бишкекте “Аталар күнү” салтанаттуу белгиленди
Бүгүн, 15-марттта Бишкек шаарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Аталар күнү” салтанаттуу белгиленди.
Алгач аталар Филармониянын көрүүчүлөр залына кол чабуунун коштоосунда кызыл килемден өтүшүп, “Учур” жаштар театрынын актёрлору тарабынан даярдалган “Ата-эне - өмүр булагы” аттуу прологго күбө болушту.
Иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ачып, "Аталар күнү" майрамы быйыл өлкөбүздө биринчи жолу майрамдалып жатканын белгилеп, урпактардын жол көрсөтүүчүсү, уул-кыздын таянычы аталарга чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалап өттү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов аталардын үй-бүлөдөгү, коомдогу, мамлекеттеги орду тууралуу насыл кебин айтты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Аталар күнүн” белгилөө жөнүндө Мыйзамдын автору Медербек Алиев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов куттук сөзүн сүйлөштү.
Расмий бөлүктөн соң К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин солисттеринин, Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамблинин солисттеринин, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акындары жана белгилүү акындардын, эстрада ырчылардын коштоосунда концерттик программа тартууланды.
Белгилесек, “Аталар күнү” коомдук ишмер Элнура Кулуева тарабынан демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда Мыйзам кабыл алынып, аталган “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык 15-март “Аталар күнү” болуп жарыяланган.
Ал кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталат.