“Талант шоу” республикалык вокалдык конкурсунун 1-сезону жыйынтыкталды

Февраль 19, 2025 - 18:55
Февраль 19, 2025 - 19:30
 14

Маданият министрлиги 2024-жылдын 1-июнунан тарта сунуштаган, кыргыздын улуттук маданиятын, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүү, чыгармачылык жана кесиптик өсүүгө багытталган “Tалант шоу” республикалык конкурсунун 1-сезону ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Биринчилерден болуп өткөрүлгөн бул конкурска 1000ден ашуун аткаруучу катышып, алар Кыргызстандын бардык аймактарынан келишти. Кастингдер өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, 3459 арыздын ичинен 1000 катышуучу тандалып, өз өнөрүн тартуулашты.

Талаптагыдай тандоо этабынан кийин 100 катышуучу жарым финалга, андан соң 40 аткаруучу финалга өтүү үчүн күрөштү.
Алар тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында вокал, сахнада өзүн алып жүрүү, хореография жана ораторлук чеберчилик боюнча интенсивдүү мастер-класстардан өтүштү.

Натыйжада, 10 жеңүүчү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:

● 100 000 сомдук акчалай сыйлык
● 3 жылдык продюсердик келишим
● Ыр жаздыруу жана клип тартуу мүмкүнчүлүгү
● Түркияга саякат

“Талант шоу” 1-сезонунун жеңүүчүлөрү:

1. Айталиев Абдырахман (Нарын, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ, 18 жаш)
2. Абдиллаева Аймээрим (Жалал-Абад, Н.И. Мешков атындагы орто мектеп, 16 жаш)
3. Алибеков Аливар (Ош, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, 18 жаш)
4. Бегалиева Сымбат (Бишкек, Балдар чыгармачылык борбору, 29 жаш)
5. Деркембаев Нурдоолот (Бишкек, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ, 20 жаш)
6. Жумаев Ырысбай (Бишкек, УТРК, 31 жаш)
7. Касеинова Эркеайым (Ысык-Көл, Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайы, 16 жаш)
8. Кыялбекова Айзат (Талас, АУЦА, 19 жаш)
9. Нурбек уулу Эржан (Бишкек, сатуу боюнча менеджер, 25 жаш)
10. Сапарбаева Амина (Бишкек, №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси, 16 жаш).

Долбоордун уюштуруучулары:

Башкы продюсер: Өмүрбек Андарбеков
Аткаруучу продюсер: Дариха Ибраимова

“Талант шоу” Кыргызстандын музыкалык искусствосун өнүктүрүү боюнча өз миссиясын улантып, таланттуу жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача бермекчи.