Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү

Февраль 20, 2025 - 20:00
Февраль 20, 2025 - 20:02
 15
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бишкекте “Буллинге жол жок” аттуу форум өттү
Бүгүн, 20-февралда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан уюштурулган “Буллингге жол жок” аттуу форуму болуп өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү жана Бишкек шаарындагы мектептердин президенттери катышты. Форумдун жүрүшүндө мектеп президенттеринин докладдары окулду.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ачты. Ал өз сөзүндө мектеп президенттерине кайрылып, мектептеги рэкетчилик сыяктуу көрүнүштөрүнө кайдыгер карабай директорлорго ачык айтып, алдын алуу керектигин белгиледи. Терс көрүнүштөргө каршы жакшы нукка бурган иш-чараларды демилгелеп, көбүрөөк уюштурууга үндөдү.
Форумдун алкагында Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери тарабынан мектеп рэкетчилигин чагылдырган чакан театралдык оюн көрсөтүлдү.
Форумдун жүрүшүндө “Мектеп буллинги: коркунучту аныктоо жана балдар үчүн кесепеттерди алдын алуу” деген темада панелдик талкуу болду. Анда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин, Билим берүү жана илим министрлигинин, волонтерлор жана жаштар менен иштөө боюнча эксперт, ошондой эле, Кыргызстан жаштар кыймылы коомдук бирикмесинин төрагасы баяндама жасады.
Иш-чаранын соңунда суроо-жооптор орун алып, буллингдин алдын алуу демилгелерин дагы өнүктүрүү үчүн жолугушууларды жана талкууларды уюштуруу керектиги белгиленди.