“ЭКСПО-2023 Доха”. Катарда Кыргызстандын Улуттук күнү жана маданият күндөрү өтөт

Январь 19, 2024 - 17:58
 99
“ЭКСПО-2023 Доха”. Катарда  Кыргызстандын  Улуттук күнү  жана   маданият күндөрү өтөт
2024- жылдын 22- январь күнү Катар Мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү, ал эми 23-25-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өтөт.
Расмий делегацияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министир Алтынбек Максутов жетектейт.
“ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында өтүп жаткан Улуттук күндө кыргыз элинин бай маданияты сунушталып, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зергер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, кыргыздын салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы ж.б. менен тааныша алышат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү расмий ачылып, искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолот.
Ал эми маданият күндөр Катар мамлекетинин Доха шаарындагы Лусаил Бульварында Кыргызстандын павильонунда өтөт.
Чыгармачыл топтун курамында А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетинин өкүлдөрү, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли, ошондой эле режиссёрдук коюучу топ, дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бар.