Министр Алтынбек Максутов БУУнун күнүн майрамдоонун маанилүүлүгүн белгиледи

Октябрь 26, 2024 - 09:52
Октябрь 30, 2024 - 09:54
 21

Бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде БУУнун күнү майрамдалды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, сөз сүйлөп, Кыргызстан жана анын эл аралык өнөктөштөрү үчүн бул окуянын маанисин баса белгиледи.
Өз сөзүндө министр Максутов БУУнун күнү өлкөлөр ортосундагы тилектештик жана өз ара жардамдашуу зарылдыгын эске салганын белгиледи. «Бул майрам бизди тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү идеясында бириктирет. Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюму көп жылдан бери жемиштүү жана тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүп келе жаткандыгына сыймыктанабыз», — деди министр.
Расмий бөлүктөн кийин Алтынбек Максутов жарманкеге катышып, анда БУУнун колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун көрдү.
Кыргызстан менен БУУ ар түрдүү багыттарда, маданий мурастарды коргоодон баштап, жаштардын демилгелерин колдоого жана ар бир кыргызстандыктын жашоо шартын жакшыртууга чейин ийгиликтүү кызматташып келет. Маданият министрлигинин аракеттеринин аркасында БУУнун колдоосу менен жетишилген ийгиликтер жана долбоорлор тууралуу маалымат кеңири чагылдырылып, кыргызстандыктардын өзүн дүйнөлүк коомчулуктун бөлүгү катары сезүүсүнө шарт түзүүдө.
Алтынбек Максутовдун пикиринде, мындай иш-чаралар элдердин ортосундагы мамилени чыңдоого жана гуманитардык демилгелерди алдыга жылдырууга жардам берет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги БУУ менен кызматташууга багытталган демилгелерди мындан ары да активдүү колдоону пландап, Кыргыз Республикасынын эл аралык аренада маданий жана социалдык байланышын чыңдоого көмөк көрсөтүүнү улантат.
Иш-чаранын уюштуруучулары министрге маданий диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымы жана БУУнун долбоорундагы активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, мындай демилгелердин ийгиликтүү өнүгүүсүнө анын колдоосу маанилүү экенин билдиришти.