Кыргызстан элинин ассамблеясынын кезектеги 10-жыйыны жана 30 жылдык мааракеси белгиленет

Июнь 21, 2024 - 16:10
 16
Кыргызстан элинин ассамблеясынын кезектеги 10-жыйыны жана  30 жылдык мааракеси белгиленет
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында 2024-жылдын 24-июнунда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элинин ассамблеясынын кезектеги 10-жыйыны жана 30 жылдык мааракеси белгиленет.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик коноктор чакырылууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан элинин ассамблеясы тарабынан буга чейинки аткарылган иштер жана анын келекчектеги пландары талкууланат.
Иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында этностор аралык мамилелерди бекемдөө жаатындагы саясатты натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү болуп саналат.
Иш-чара Кыргыз Республикасында элдин биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди чыңдоого, Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүгө, маданий көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, көп тилдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө багытталат.