Азербайжанда “ЮНЕСКОнун көз карашы боюнча түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын изилдөө жана сактоо” эл аралык конференция өттү

Март 15, 2024 - 09:23
Март 18, 2024 - 10:52
 0  39
Азербайжанда “ЮНЕСКОнун көз карашы боюнча түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын изилдөө жана сактоо” эл аралык конференция өттү
Азербайжанда “ЮНЕСКОнун көз карашы боюнча түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын изилдөө жана сактоо” эл аралык конференция өттү
Азербайжанда “ЮНЕСКОнун көз карашы боюнча түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын изилдөө жана сактоо” эл аралык конференция өттү
2024-жылдын 14-15-март күндөрү Азербайжан Республикасынын Баку шаарында “ЮНЕСКОнун көз карашы боюнча түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын изилдөө жана сактоо” эл аралык конференция өттү.
Кыргызстандан аталган эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.
ЮНЕСКОнун принциптерине жана стандарттарына ылайык, жергиликтүү коомчулук жана жалпы Түрк дүйнөсү үчүн баалуу болгон тарыхый жана маданий эстеликтерди жана мурас жерлерин коргоого максатын көздөгөн конференцияда министрдин орун басары Айнура Аскарова мындай иш аркеттерди алдыга жылдырууда Кыргызстанда жүрүп жаткан иштер, жасалып жаткан кадамдар жана тажрыйбалар тууралуу доклад жасады.
Ал өз сөзүндө жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын коргоо, биргелешип иштөө жана анын материалдык, материалдык эмес компоненттеринин мааниси жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу абдан маанилүү экенин белгилеп, маданий мурастарды коргоо, орток маданиятты сактоого өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.
Эл аралык конференция тематикалык сессиялар жана тегерек столдор менен уланып, катышуучулар өз ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга, пикир алмашууга жана ар кандай аспектилер боюнча жемиштүү талкууларга катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Эске салсак, аталган эл аралык конференция Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Азербайжан Республикасынын ЮНЕСКО боюнча улуттук комиссиясы жана түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгы, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) жана Ада университетинин өнүктүрүү жана дипломатия институту менен биргеликте ЮНЕСКО боюнча түрк улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулуп өттү.