Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Жумушчу тобунун 10-жыйыны башталды

Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Жумушчу тобунун 10-жыйыны башталды

Октябрь 17, 2023 - 16:17
 0  74
Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Жумушчу тобунун 10-жыйыны башталды

Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Жумушчу тобунун 10-жыйыны башталды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу  сөз сүйлөп,  жыйынды ачты. “Бул иш-чара медиа жана маалымат тармагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөдө, билим жана тажрыйба алмашууда маанилүү кадам болуп саналат.”,- деди ал.

Жыйындын алкагында 2023-2024-жылдарга карата иш-аракеттер Планына киргизүү үчүн сын-пикирлер жана сунуштар, Өзбекстанда уюштурула турган 2-чи Эл аралык медиа-форум жана министрликтердин өкүлдөрү үчүн окутуу программасы жөнүндө маалымат, “Түрк маалымат агенттиктеринин Союзу” жана “Эл аралык түрк жаңылыктар каналын” түзүү жөнүндө маалымат, кыргыз  тарабынан даярдалган түрк мамлекеттеринин Журналисттер ассоциациясынын Уставынын долбоору боюнча комментарий, ошондой эле медиа жана маалымат жаатында окутуу программаларын уюштуруу боюнча тараптардын пикирлери жана сунуштары талкууланды.

Ошондой эле, Жумушчу топтун ишинин негизги натыйжаларынын бири болуп, Уюштуруу жыйынынын T-BRAF (Түрк мамлекеттеринин берүүнү жөнгө салуучу органдары) программасынын долбоорун карап чыгуу, T-BRAF Уставынын долбоорун жана түрк мамлекеттеринин берүүнү жөнгө салуу органдарынын форумунун биргелешкен декларациясынын долбоору кароодо болгондугун белгилей кетүү зарыл. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын
9-ноябрында Стамбулда (Турция) T-BRAF уюштуруу жыйынын өткөрүү пландаштырылууда.

Жумушчу топтун жыйынынын жүрүшүндө жергиликтүү ЖМКлардын катышуусу менен эки пленардык жыйын өткөрүлдү. “GPT чаттын мисалында жасалма интеллекттин артыкчылыктары жана кемчиликтери” жана “Гибриддик согуштар XXI кылымдын коопсуздук коркунучу катары” сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды. Пленардык жыйындын темалары акыркы жылдары жасалма интеллект жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишилгендигине байланыштуу тандалды. Бүгүнкү күнгө чейин, жасалма интеллект нейрон тармактарын жана машинаны үйрөнүүнү колдонуп, адамдын сүйлөшүүсүн туурап, суроолорго өз маалымат базаларын жана коомдук булактардан алынган маалыматтарды колдонуп жооп бере алат. Ушуну менен катар, маалыматтык согуштар саясий, экономикалык же аскердик максаттарга жетүү үчүн маалыматтык технологияларды жана медианы колдонуудан келип чыгат. Алар коопсуздукка олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, карапайым адам үчүн маалыматтык согуштардын таасиринен коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл.

Жыйында Түрк мамлекеттер уюмунун делегациясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун аймактык коркунучтарды жана коопсуздукту изилдөө борборунун илимий кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.