МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кыргызстандык спортчуларды 2023-жылкы Азия паралимпиада оюндарына узатты

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кыргызстандык спортчуларды 2023-жылкы Азия паралимпиада оюндарына узатты

Октябрь 17, 2023 - 16:20
 0  75
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кыргызстандык спортчуларды 2023-жылкы Азия паралимпиада оюндарына узатты
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кыргызстандык спортчуларды 2023-жылкы Азия паралимпиада оюндарына узатты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан 30-октябрына чейин Ханчжоу шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтө турган IV – Азия паралимпиада оюндарына катышууга жөнөп жаткан Кыргыз Республикасынын спортчуларынын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты.
“Акыркы үч жылда спортту колдоо максатында мамлекеттик ресурстар кыйла көп бөлүндү. Ошону менен бирге спорттун жогорку жетишкендиктерин гана эмес, массалык дене тарбия жана балдар спортун өнүктүрүүгө дагы көңүл бурулууда. Паралимпиада дагы спортко болгон мамлекеттик колдоону жогорулатуу саясатынан четте калган жок. Буга чейинки Азия паралимпиада оюндарына бизден 5-6 спортчу катышса, 2023-жылы Ханчжоу шаарында өтө турган оюндарда Кыргызстандын намысын 29 спортчу коргогону жатат. Кыргызстан сиздердин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанат. Ден соолугуңуздардын мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, ушундай эл аралык мелдештерге катышып жатканыңыздардын өзү чоң жеңиш, баарыбыз сиздерди сүрөп турабыз жана жеңиш менен кайтып келишиңиздерди күтөбүз”, – деди Эдиль Байсалов.
Эдиль Байсалов Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Адилет Камчыбековго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин тапшырып, спортчуларга жана аларды коштоп жүргөн адамдарга алдыдагы мелдештерде күжүрмөндүк жана ийгилик каалады.