Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды

Май 23, 2025 - 12:18
Май 23, 2025 - 12:20
 24
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ошто эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы жыйынтыкталды
Ош мамлекеттик университетинин базасында КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин эл аралык “Сулайман-Тоо” кинофестивалы ийгиликтүү өттү. Иш-чара чыгармачыл тажрыйба алмашууга, адистер ортосундагы диалогго жана жаш режиссёрлор менен сценаристтерди колдоого багытталган маанилүү аянтчага айланды.

Фестивалга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 200дөн ашуун арыз келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр жана оператор Тынай Ибрагимов жетектеген калыстар тобу экинчи турга өтүү үчүн мыкты 20 тасманы тандады.

Фестивалдын алкагында мастер-класстар, дискуссиялык сессиялар жана маданий экскурсиялар уюштурулуп, катышуучулар чыгармачыл байланышын кеңейтип, жаңы билим жана тажрыйба менен алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Сулайман-Тоо” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү:

• Гран-при жана 100 000 сомдук сертификат — д/ф “Стать мужчиной!”, реж. Эржан Шармурзаев (Кыргызстан);
• Мыкты көркөм фильм жана 80 000 сом (эки тасмага бөлүндү)
— к/ф “Унгерния”, реж. Пайрав Шарипов (Тажикстан);
— к/ф “Уроки фортепиано”, реж. Гузель Ахметшина (Россия);
• Мыкты даректүү тасма — д/ф “Жайлоого карай узак жол”, реж. Илгиз Шернияз (Кыргызстан), 80 000 сом;
• Мыкты режиссура — к/ф “Поздний ветер”, реж. Shugyla Serzhan (Казакстан), 80 000 сом;
• Мыкты сценарий — к/ф “Мунара”, реж. Мээрим Талантбек кызы (Кыргызстан), 60 000 сом
• Мыкты оператордук иш — к/ф “Однажды в Коргалжино”, реж. Арай Каримова (Казакстан), 60 000 сом;
• Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүк сыйлыгы — к/ф “Тревога”, реж. Данияр Тезекбаев (Россия, Якутия), 60 000 сом;
• Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — к/ф “Минувшие моменты”, реж. Салтанат Исманова (Кыргызстан);
• Кыргызстан кинематографисттер союзунун дипломy — к/ф “Кимоно”, реж. Санжар Муродшайхов (Өзбекстан);
• ОшМУнун дипломy — д/ф “Бехбуди”, реж. Лейла Рахматуллаева (Өзбекстан);
• Ош шаардык мэриясынын дипломy — к/ф “Пленник земли”, реж. Ноокор Алтай (Россия/Кыргызстан);
• “Үмүт” диплому — к/ф “Таксикомания Тору”, реж. Шокиров Маруф (Кыргызстан).

Фестиваль сыйлык тапшыруу аземи менен жыйынтыкталып, кинематография дүйнөсүнүн чыныгы майрамына айланды.