Бишкекте алгачкы жолу жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт

Май 21, 2024 - 18:59
 9
Бишкекте алгачкы жолу жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт
2024-жылдын 24-27-май күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун алгачкы эл аралык форуму өткөрүлөт.
Форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.
Форумга Россия, Кытай, АКШ, Франция, Венгрия, Польша, Германия, Италия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Вьетнам сындуу 15 өлкөнүн 28 музыкалык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана белгилүү маданият ишмерлери катышат.
Форумдун алкагында музыкалык окуу жайларга чыгармачылык жаатында баарлашуусуна, тажрыйба алмашуусуна жана жаңы эл аралык байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берген мейкиндик түзүлүп, жыйынтыгында жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюулат.
Кыргызстан бул күндөрү өзүнүн музыкалык салттарын жана жетишкендиктерин дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу менен ири маданий борборго айланат.
Форумдун коноктору көрүнүктүү музыка ишмерлери менен унутулгус жолугушууларга, ошондой эле жаңы чыгармачылык ийгиликтерге күбө болушат.
Форумдун программасы:
24-май., 10:00
Музыкалык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун Эл аралык форумунун расмий ачылыш аземи (Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залы);
11:00-13:00
Музыкалык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун Эл аралык форумунун жүрүшү
(Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залы).
Тыныгуу
14.30 –17.00
Форумдун уланышы (Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залы).
18.00 – 20.00
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара (Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залы).
25-май., 15.00 – 16.30
Искусство чеберлеринин жана Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрүнүн концерти
(Чолпон Ата шаары., Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору).
26-май., 16.00 – 18.00
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган композиторлордун чыгармаларынан турган концерт (А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, чоң залы).
27-май., 10:00
Маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринен студенттерге мастер-класстар
(К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы)