Тарых музейинде “Кыргызстандын өнүгүү доору” хроникалык даректүү тасманын бет ачары болуп өттү

Сентябрь 25, 2024 - 09:53
Октябрь 2, 2024 - 09:58
 9

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин кинозалында хроника боюнча белгилүү кинорежиссер, документалист Тилек Мураталиев тарткан “Кыргызстандын өнүгүү доору” хроникалык тасмасынын үчүнчү бөлүгүнүн бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, кинорежиссер Тилек Мураталиев жана кино ишмерлер катышты.
Министрдин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тасманы тарткан жалпы чыгармачыл топту жана режиссер Тилек Мураталиевге ыраазычылык билдирип “Тасмадагы Кыргыз мамлекетинин калыптанышы жана өнүгүшү, ошол жылдары мамлекеттин тагдыры жана келечеги үчүн өзгөчө ролду ойногон саясий ишмерлерин, өлкө башчыларын, алардын сиңирген эмгектерин таанытуу – биздин негизги милдетибиз. Тарыхын билбеген эртеңин аныктай албайт демекчи, биз тарыхыбызга терең көңүл буруубуз зарыл” - деди.
“Кыргызстандын өнүгүү доору” аттуу тасма Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан өндүрүлгөн. Тасма 4 бөлүктөн турат.
Тасмада, 1950-1985-жылдарындагы Кыргызстандын Социалисттик өнүгүү доорун баяндаган тарыхый окуяларын камтыйт. Исхак Раззаковдун Республиканын бийлик башына келиши менен анын ишмердүүлүгү жана Республиканын жалпы экономикалык акыбалы тууралуу, Турдакун Усубалиевдин Республиканын бийлик башына келиши менен анын ишмердүүлүгү жана Республиканын жалпы экономикалык акыбалы туурасындагы тарыхый окуялар баяндалат.
Эскерте кетсек, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдар аралыгындагы улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын негизинде өткөрүлүп жатат.