Youth creative expo Kyrgyzstan 2025: Креативдүү жана санариптик экономиканын келечеги бүгүн түзүлүүдө

Май 24, 2025 - 17:15
Май 24, 2025 - 21:24
 7

Бүгүн, 24-майда Технопарк коворкинг борборунда Кыргызстандын креативдүү индустриясы жана IT-секторунун келечегине арналган Youth creative expo Kyrgyzstan 2025 форуму болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Азия-Тынч океан жана Жакынкы Чыгыш аймактары боюнча "Google for Education" долбоорунун директору Тим Паолини, ошондой эле жүздөгөн жаштар, студенттер, стартаперлер, креативдүү ишкерлер, IT-адистер, дизайнерлер жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.

Youth creative expo Kyrgyzstan 2025 — бул таланттуу жана амбициялуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган жаңы платформа. Иш-чаранын максаты — жаш лидерлерди, IT-адистерди, ишкерлерди жана чыгармачыл адамдарды бириктирүү аркылуу Кыргызстандын креативдүү жана санариптик экономикасынын экосистемасын биргеликте калыптандыруу.

“Бүгүнкү жаштардын акылы — эртеңки экономиканын негизин түзөт. Мамлекет бул процессте сырттан карап турчу эмес, активдүү катышуучу болушу керек. Биз жаштарга мүмкүнчүлүк берген ар бир демилгени колдойбуз”, — деди Эдиль Байсалов иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.

“ Youth creative expo — жөн гана иш-чара эмес, бул — жаңы ойлор жаралуучу аянтча. Биздин милдет — жаштарга ишенүү, аларды шыктандыруу жана алардын кыялдарын ишке ашырууга шарт түзүү. Креативдүүлүк — бул биздин өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы”, — деп белгиледи Марат Тагаев.

Аталган долбоор министрлик тарабынан колдоого алынып, Кыргызстандын жаңы муунун санариптик доорго даярдоого жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.