Youth creative expo Kyrgyzstan 2025: Келечектин аянтчасы — бүгүнкү күндө

Май 24, 2025 - 19:01
Май 24, 2025 - 21:44
 8

Бүгүн, 24-майда Youth creative expo Kyrgyzstan 2025 форумунун алкагында Технопарк коворкинг борборунда креативдүү индустрияларга жана санариптик технологияларга арналган мазмундуу иш-чара болуп өттү.

Форумга өлкөнүн бардык аймагынан келген студенттер, стартаперлер, дизайнерлер, IT-адистер жана маданият өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын келечегин калыптандырууга багытталган идеяларды талкуулашты.

Программалык бөлүк TEDx-форматындагы шыктандыруучу баяндамалардан, панелдик талкуулардан, мастер-класстардан, көргөзмө зоналардан жана интерактивдүү аянтчалардан турду.

Форум бүгүнкү күндө өлкөнүн жаңы жүзүн түзүп жаткан демилгелүү, креативдүү жана прогрессивдүү жаштар үчүн башкы платформага айланды.

Панелдик сессияларда төрт негизги тема камтылды:

Программалоо жана оюндарды иштеп чыгуу: заманбап тренддер жана технологиялар;

Креативдүү бизнес: стартап-кейстер, инвестициялар, дизайн-ой жүгүртүү жана инновациялар;

Креативдүү маданият: музыка, кино, мода жана визуалдык искусство — жаңыча өнүгүүнүн булагы катары;

Киберспорт: жаштар арасында кеңири жайылып келе жаткан жаңы спорт багыты катары.

Форумдун алкагында алдыңкы IT-командалар жана чыгармачыл адистер тарабынан практикалык мастер-класстар өткөрүлдү.

Катышуучулар заманбап көндүмдөрдү үйрөнүп, чыныгы тажрыйбалардан өтүп, насаатчылар менен баарлашып жана пайдалуу байланыштарды түзө алышты. Ошондой эле атайын подкаст-зона түзүлүп, катышуучулар менен түз эфирде маектер жазылып, санариптик келечек боюнча актуалдуу суроолор талкууланды.

Мындан сырткары, концерттик программа өтүп, кыргыз эстрада ырчылары жана бий топтору сахнага чыгып, иш-чараны шаңга бөлөп, майрамдык маанай тартуулашты.

Youth creative expo Kyrgyzstan 2025— жөн гана иш-чара эмес. Бул — жаңы идеялар жаралуучу, келечек тууралуу диалог жүргүзүлүүчү жана өсүүгө шарт түзүүчү жандуу платформа. Бул — креативдүү жана технологиялык билими бар жаштардын Кыргызстандын жаңы экономикасы менен маданиятын калыптандыруучу аянтча.