Брест чебинен, Хатындан жана Дубосеково кесилишинен алынып келинген топурак салынган капсула Улуттук тарых музейине тапшырылды

Февраль 25, 2025 - 18:04
Февраль 26, 2025 - 10:36
 22

Бүгүн, 25-февралда Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине согуш маалында айыгышкан күрѳш жүргѳн Брест чебинен, Хатындан жана Дубосеково кесилишинин алынып келинген топурак салынган кутучаны салтанаттуу тапшыруу аземи ѳттү.

Ал Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын артисттеринин аткаруусунда театралдаштырылган прологу менен башталды.

Кеңири коомчулук катышкан иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов, Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгектенген ардагерлердин коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев катышып, сөз сүйлөштү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жеңиштин жеңил жерден келбегендигин, Мекендин ыйыктыгын далилдеген ыйык жерлер Брест чебинен, Хатындан жана Дубосеково кесилишинин алынып келинген топурак салынган капсуланы салтанаттуу тапшыруу аземинин орду жана символикалык мааниге ээ экендигин айтты. Ошондой эле, бул кутуча музейдин баалуу экспонатына айланып, Улуу Жеңиштин трагедиясын жана триумфун түбѳлүк эстетип тураарын белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Соңунда Брест чебинен, Хатындан жана Дубосеково кесилишинин алынып келинген топурак салынган кутуча Улуттук тарых музейине тапшырылды.

Иш-чара маданий программа менен коштолуп, тематикалык ырлар аткарылды.

Маалымат үчүн: 1941-жылы 22-июнда башталган Ата Мекенди коргоо үчүн гитлердик Германияга каршы согуш жалпы элдик мүнѳзгѳ ээ болгон. Чек араны коргоодон Берлинди алууга чейин уланган согушта – Советтер Союзунун бардык улуттарынын жана элдеринин ѳкүлдѳрү теңдешкис эрдик жана каармандык менен күрѳшкѳн. Кыргызстан фашизмге каршы салгылашууда жана Улуу Жеңишке жетүүдѳ зор салымын кошкон.

Брест чебин коргоодо душманга каршы турган жоокерлер, туруктуулуктун жана кайраттуулуктун символу болуп калган. Алдыңкы сааттарда эле чек араны кесип ѳтүүнү кѳздѳгѳн ниети бузук душмандардын тилеги ишке ашкан эмес. Брест чебинин гарнизонунда 9 миң кызыл армиячылар болгон. Алар күчтүү артиллерия жана авиациянын колдоосундагы ѳзүлѳрүнѳн эки эсе кѳп душмандар менен кармашкан. Оор салгылашууларда Кызыл Армиянын жоокерлери 22-июндан – 30-июнга чейин тогуз күн бою теңдешкис эрдик жана каармандык кѳрсѳтүп, 4 миң гитлерчи жоокерлер менен офицерлерди жок кылышкан.

Брест чебин коргоочулардын катарында, кыргызстандыктар да чыныгы баатырлык менен салгылашышкан.

Москванын алдындагы 1941-ж. октябь-ноябрь айындагы кармашта, Кыргыз жана Казак ССРинин территориясында Иван Васильевич Панфиловдун жетекчилигинде түзүлгѳн 316-аткычтар дивизиясы эрдик менен душмандардын жолун бууган.

Дубосеково кесилишиндеги кандуу кыргында 28-панфиловчу Ата Мекен үчүн баатырлыктын жогорку үлгүсүн кѳрсѳтүп, ѳзүлѳрүнүн жанын курман чалуу менен душмандын ѳлкѳнүн борборуна ѳтүүсүнѳ жол берген эмес. Алардын ичинде кыргызстандык даңазалуу жоокерлер Дүйшѳнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Шемякин, Григорий Петренколор күрѳшкѳн. Аты аталган жердештерибизге Советтер Союзунун Баатыры эң жогорку наамы ыйгарылган. Дивизиянын генерал-майору И. В Панфилов 1941-жылы 18-ноябрда күжүрмѳн кызматын аткарууда курман болгон. Ага дагы Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамы берилген.

Фашисттердин максаты, СССРдин калкын жок кылуу менен геноцид кылууга багытталганы 1923-жылдын 22-мартындагы Хатынь кыштагындагы кыргында 177 тургунду, анын ичинде 55 баланы, партизандардын автоколоннага кол салып немец офицерин ѳлтүргѳндүгү үчүн жазалоо иретинде сарайга тирүүлѳй ѳрттѳгѳнүнѳн ачык кѳрүнгѳн. Хатынь беларусс элинин түбѳлүктү азасынын жана эскерүүсүнүн улуттук символуна айланган.

Күрѳш жүргѳн Ыйык жерлерден алынып келген капсулалар келечек үчүн жанын берген аталарыбыздын жеңиши тууралуу эстетип, музей экспозициясында татыктуу ордун ээлеп, жалпы душманыбызга каршы биримдигибизди, жаш муундарга жер шарындагы тынчтык үчүн бир тургандыгыбызды унуттурбайт.