Эл акыны Нурпаис Жаркынбаев акыркы сапарга узатылды

Февраль 25, 2025 - 16:01
Февраль 25, 2025 - 16:15
 15

Бүгүн, 25-февралда Кыргыз улуттук драма театрында 86 жаш курагында дүйнө салган Кыргыз Республикасынын эл акыны Нурпаис Жаркынбаев акыркы сапарга узатылды.

Узатып келген коомчулук, анын ичинен акын-жазуучулар Нурпаис Жаркынбаевди улуттук адабиятка, маданиятка, көркөм өнөрдүн өнүгүп-өсүшүнө, руханий байлыгын арттырууга зор салым кошконун белгилешип, жетимишинчи жылдардан тартып өмүрүнүн акырына чейин сөз багып, сөз жазып жан үрөп эмгектенип, өз чыйырын, өчпөс изин калтырып, келечек муунга чыныгы үлгү көрсөтүп кеткенин айтышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Нурпаис Жаркынбаевдин ырларына көптөгөн обондор жазылып, эл ичинде ырдалып жүргөнүн, Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугупсуз мага бекер сиз”, Түгөлбай Казаковдун “Күтүү”, Муратбек Бегалиевдин “Кызгалдак гүлүм ай” ж.б. белгилүү ырлардын сөзү Нурпаис агайга таандык экенин белгиледи.

Нурпаис Жаркынбаев өмүрүнүн акыркы жылдары да талбай чыгармачылык менен иштеп, “Ыр түрмөктүү толкундар”, “Чалдын күйдүм чоктору” ыр жыйнактарын, “Ичер суум бүткөнчө” ой-санат китептерин чыгарган.

Ага 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, 2018-жылы Эл акыны наамы ыйгарылган.
Маркумдун сөөгү “Ала Арча” көрүстөнүнө коюлду.