Бишкекте салттуу кол өнөрчүлүккө арналган кыргыз-корей көргөзмөсү ачылды

Май 23, 2025 - 20:46
Май 23, 2025 - 22:03
 10

Бүгүн, 23-майда М. В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй-музейинде “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү (2023–2026)” долбоорунун алкагында кыргыз-корей көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, эл аралык өнөктөштөр жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын салттуу өнөр чеберлери катышты.

Союзбек Надырбеков өз сөзүндө бул долбоор аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана кол өнөрчүлөр үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жагынан өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле ал ЮНЕСКОнун колдоосундагы Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борборуна (ICHCAP) ыраазычылык билдирип, алардын Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүүгө, маданий демилгелерди илгерилетүүгө жана чеберлерди туруктуу экономикалык өсүшкө жеткирүүдө көрсөткөн көмөгүн жогору баалады.

Көргөзмө кол эмгеги менен жасалган уникалдуу буюмдар менен таанышуу гана эмес, Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достуктун, маданий алмашуунун жана чыгармачыл кызматташуунун белгисине айланды.

Кыргыз тарап кореялык өнөктөштөр менен кызматташтык маданий туризмди өнүктүрүүгө, элдер ортосундагы достукту чыңдоого жана салттуу баалуулуктардын дүйнөлүк аренада таанылышына чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар жолугушууну жылуу маанайда жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында 2024-жылы Кыргыз Республикасынын сегиз кол өнөрчүсү Корея Республикасына барып, атайын окутуу программасынан өтүшкөн. Сапардын негизги максаты — тажрыйба алмашуу болгон. Алар Кореянын ар кайсы шаарларындагы маданий мекемелердин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, жогорку окуу жайларына барышкан, ошондой эле кол өнөрчүлүк ресурстарын башкаруу системалары, ар түрдүү көргөзмөлөр, программалар жана методикалык материалдар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышкан.