Чыңгыз Эсенгул уулу ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

Май 7, 2024 - 13:58
Май 9, 2024 - 00:58
 0  14
Чыңгыз Эсенгул уулу ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту
Стамбул шаарында (Түркия) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулун Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев кабыл алды.
Министрдин орун басары министрликтин ишмердүүлүгү, пландары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусу тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Баку шаарында (Азербайжан) өткөн Түрк маданияты жана мурасы фондунун катышуучу-өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин кеңешинин биринчи отурумундагы министрликтин позициясы жана сунуштары баса белгиленди.
Өз кезегинде Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ассоциациянын өлкөлөрүнүн ортосунда маданий-гуманитардык алмашуу жигердүү кеңейип жатканын жана ТМУнун катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган жаңы долбоорлор жана демилгелер көтөрүлүп, маданий мурастарды сактоо, түрк дүйнөсүнүн адабиятынын тарыхый объектилерин жана шедеврлерин терең изилдөө чөйрөсү жигердүү кеңейтилип жатканын белгиледи.