Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады

Май 7, 2024 - 00:55
Май 9, 2024 - 00:55
 0  8
Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады
Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады
Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады
Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады
Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады
Япониялык дирижёр Кеничи Симура Бишкекте концерт тартуулады
Япониядан келген атактуу маэстро - Кеничи Симуранын жетекчилиги астында “Аниме симфониялык Япония” аттуу концерти болуп өттү.
Музыкант менен бирге Япониянын белгилүү ырчысы Хироки Масайян айым да келген. Концертти Нур Өмүрбаев жетектеген "Чоро Кожомжаров атындагы чоң эстрадалык-симфониялык оркестри коштоду.
Бул маданий иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Годе Хидеки мырза жана Монголия, Өзбекстан, Казакстан республикаларынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле япон музыка сүйүүчүлөрү катышты.
Министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, куттук сөзүндө, Кеничи Симура мырзага Кыргызстандык көрүүчүлөргө тартуулаган талантына ызаат кылып, көп жылдар бою оюндардын обондорун жана атактуу аниме тасмаларын классикалык симфониялык үн менен айкалыштыруу менен өнөрүн дүйнө кыдырып тартуулаган дирижёрдун музыкасы келген көрөрмандардын жүрөктөрүн жибитип, кубанычка, мээримге толтурганын белгиледи.
"Сиздин талантыңыз жана музыкага болгон өзгөчө мамилеңиз Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы байланышты бекемдейт деп ишенебиз"-деп сөзүн жыйынтыктады.
Ошону менен бирге Кеничи Симуранын талантына күбө болгонго себепчи болгон өзүбүздүн Кыргызстандык музыкант, гобойчу Жусупов Кубанычбек Кундузовичке да ыраазычылык билдирип,
Кубанычбек Жусуповдун өлкөбүздүн маданиятына 20 жылдан ашуун эмгегин белгилеп, азыр анын окуучулары эл аралык аренада ийгиликтерге жетишип, ар кандай сынактардын лауреаттары болуп, Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун дүйнөгө таанытып жатышканына токтолду.
Андан сон Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан Кеничи Симурага "Ыраазычылык катын" ал эми Кубанычбек Жусуповго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.
Белгилесек, "Аниме симфониялык Япония”- Aim Village компаниясы тарабынан түзүлгөн эл аралык музыкалык долбоор.
Япония - аниме музыкасын жогорку искусство деңгээлине көтөргөн өлкө. Алар мыкты композиторлор тарабынан жазылып, мыкты музыканттардын аткаруусунда алдыңкы студияларда жазылып, ырдалып келет. Алардын сап башында Кеничи Симура турат.