Казак Улуттук хореография академиясынын студенттеринин концерти өттү

Май 7, 2024 - 21:10
Май 9, 2024 - 01:10
 0  10

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Казак Улуттук хореография академиясынын студенттеринин концерти өттү.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев катышып сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Казак Улуттук хореография академиясынын студенттеринин концерти көрүүчүлөргө унутулгус ырахат тартууларына ишеним артып, Казак улуттук хореография академиясына Кыргызстан менен жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылыктагы алакалар кеңейип, хореография жаатында тажрыйбалар менен алмашуу өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун далили деп белгиледи.
Ал эми, Казак Улуттук хореография академиясынын ректору Бибигуль Нусипжанова кыргыздын балет искусствосунун белдүү корифейлери эмгектенген улуу саханада жаш таланттардын чыгышы аларга сыймык алып келип жатканын, ошондой эле концертти уюштуруп өткөрүүгө көмөк көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.
Андан соң, таланттуу жаш бийчилердин аткаруусунда классикалык, заманбап жана улуттук репертуардагы хореографиялык номерлер тартууланып, ал көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Эске салсак, Казак улуттук хореография академиясы Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлүп, хореография тармагында көп деңгээлдүү билим берүү программасынын толук цикли менен билим берген Борбордук Азиядагы биринчи окуу жай болуп саналат.