Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Камчыбек Турсункулов каза болду

Май 9, 2024 - 01:12
 0  13
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Камчыбек Турсункулов каза болду
Бүгүн, 7-майда белгилүү обончу жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турсункулов Камчыбек Саипович 68 жаш курагында кайтыш болду.
Камчыбек Турсункулов 1956-жылы 8-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунун Шайдан айыл аймагына караштуу Бирлик айылында туулган.
ОШ мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин аяктаган.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун маданият үйүндө жана маданият бөлүмүндө ошондой эле Майлы-Сай шаардык маданият бөлүмүндө эмгектенген.
Акыркы жылдары “Шайыр апалар” долбоорунда активдүү катышып, эмгектенип келген.
Ал белгилүү «Оо карындаш», «Сиз дейинчи», «Унуталбайм», «Музыка сахнасы» ж.б . элге сиңген бир катар белгилүү ырлардын автору болчу.
Камчыбек Турсункуловго кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 2019-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган.
Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-майда өзү туулган Бирлик айылында жерге берилди.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.