Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды

Апрель 22, 2025 - 18:34
Апрель 22, 2025 - 18:39
 10

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Азербайжан Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды. Аталган иш-чара эки боордош элдин ортосундагы көп жылдык достукту, тарыхый жана руханий баалуулуктарга негизделген маданий алакаларды чыңдоонун символу болду.

Ачылыш аземинде көрүнүктүү акын, драматург жана коомдук ишмер Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгына арналган адабий кече өттү. Залкар акындын кайталангыс адабий мурасын кыргыз окурмандарына таанытуу максатында “Тандалган чыгармалар” аттуу китебин бет ачары тартууланды.

Аталган китептеги жарык көргөн чыгармаларды акын Өмүрбек Тиллебаев которуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан басылып чыккан. Бахтияр Вахабзаденин поэзиясы мекенге болгон сүйүүнү, улуттук салт-санаа менен тилге берилгендикти даңазалайт. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адил Габиль оглу Каримли, дипломатиялык корпус өкүлдөрү, маданият ишмерлери, адабиятчы-окумуштуулар, котормочулар катышты.

Иш-чарада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Азербайжан адабиятынын бурчунун ачылышы - Улуттук китепканабыздын фондун гана толуктоо эмес. Бул биздин элдердин ортосундагы руханий көпүрө, жазуучуларыбыздын чыгармалары аркылуу бири-бирибизди тереңирээк таанып-билүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Мындай демилгелер маданий байланышты чыңдап, жаштарды шыктандырып, адабият, искусство жана гуманитардык кызматташтыктын жаңы долбоорлоруна жол ачат деп ишенебиз. Бахтияр Вахабзаденин калеминен чыккан сөз кыргыз жергесинде да урмат жана ыраазычылык менен жаңырышын каалайбыз” – деди.

Кыргызстан менен Азербайжанды бекем достук, өз ара түшүнүшүү, жалпы түрк тектүү иденттүүлүк жана руханий мурасты сактоого болгон умтулуу бириктирет. Азербайжан маданият күндөрү уланууда, алдыда Бишкек шаарынын тургундары менен конокторун бай маданий программа – концерттер, көргөзмөлөр жана чыгармачыл жолугушуулар күтүп турат.