«Теңирберди» толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү

Январь 31, 2024 - 22:16
Февраль 1, 2024 - 22:16
 36
«Теңирберди» толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү
«Теңирберди» толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү
«Теңирберди» толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү
«Теңирберди» толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү
«Теңирберди» толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү
Бүгүн, 31-январда "Ала-Тоо" кинотеатрында режиссёр Асель Жураеванын «Теңирберди» аталышындагы толук метраждуу тасмасынын улуттук премьерасы өттү.
Ага кино Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, тасманын чыгармачылык жана коюучу тобун куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.
Министр өз сөзүндө учурда мамлекет тарабынан маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган кино тармагына көңүл бурулуп жаткандыгын, каржылык колдоо жыл сайын өсүп, ал гана эмес улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча жарлык кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө белсенип жатканын баса белгиледи.
Мамлекет маданият тармагын колдоп жаткан сон, алдыда жасала турган иштер жана тартыла турган тасмалар арбын экендигин белгилеп, ал үчүн кино ишмерлерине талыкпас эмгек жана чыгармачылык эргүү каалады.
Эске салсак, аталган тасма Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы жана «Азиянын чыгармачыл айымдары» Коомдук фонду тарабынан тартылган.
Коомдогу актуалдуу темага арналган кинотасма Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин тематикалык планына киргизилген .
Тасма 1-февралдан баштап Бишкек шаарындагы кинотетарларда көрсөтүлүп баштайт.
Улуттук премьерага чейин тасма Иранда, Азербайжанда, Испанияда, Казакстанда жана Беларусияда өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.