Бишкекте заманбап индия бийинин кечеси өттү

Февраль 1, 2024 - 10:42
Февраль 2, 2024 - 10:43
 34

Бүгүн, 1-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Доктор Рекха Мехра жетектеген "Урваши" маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулган "Заманбап индия бийинин кечеси" өттү.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Индиянын Кыргызстандагы Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырза жана Индия маданиятын сүйгөн коомчулук катышты.
Чыңгыз Эсенгул уулу иш- чарага келген меймандарды жана көрүүчүлөрдү куттуктап, Кыргыз-Индия маданий диалогунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Элчи Арун Кумар Чаттерджи мырзага жана Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал, Индиянын классикалык бийлери индия элинин маданиятынын маанилүү бөлүгү экендигин, аны менен бирге кыргыз журтчулугу индия элинин маданиятын алардын кино тасмалары аркылуу тааный тургандыгына токтолуп, эки элдин ортосундагы маданият жана искусство жаатындагы өз ара байланыштын кеңейишине жол ачып жаткан заманбап индия бий кечесинин Кыргызстанда өтүп жатышы ага жаркын мисал экендигин баса белгиледи.
Бул маданий саамалык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Индия Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата Маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылууда.
Ушул эле маданий иш-чара Ош шаарында 3-февралда саат 18:00до С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында да сунушталат.
Маалымат үчүн: Кечеде шакирттери менен бирге өнөрүн тартуулаган доктор Рекха Мехри айым 30 жылдан ашуун убакыттан бери Индиянын классикалык жана заманбап бийин ошондой эле музыкасын дүйнө жүзү боюнча жайылтып келет.