Эл жазуучу Мелис Абакиров акыркы сапарга узатылды

Январь 31, 2024 - 17:15
 0  39

Бүгүн, 31-январда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.
Узатуу зыйнатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият жана искусство өкүлдөрү, Мелис Абакировдун жакындары жана замандаштары катышты.
Эдил Байсалов Мелис Абакиров ак иши, тынымсыз эмгеги менен улут сыймыгына айланганын, анын артында калтырып кеткен чыгармалары, руханий мурас катары кылымдан кылымга өтүп окула берерин белгилеп, жакындарына көңүл айтты.
Алтынбек Максутов Мелис Абакировдун совет доорундагы көптөгөн башка адабият өкүлдөрүнөн айырмаланып, журт башчыларынын, бай-манаптардын көркөм мүнөздөрүн карама-каршы реалдуу сүрөттөгөн сүрөткерлигин белгилеп, ардайым чыгармачылык демин басаңдатпай көгөрүп, көшөрүп тынбай иштегенин, анын натыйжасында, “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта”, “Эрөөл”, “Сакадай бою сары алтын” ж.б. аңгеме, повесть, романдары жарык көргөнүн айтып өттү.
Андан кийин сөз алып сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Кыргыз Республикасынын эл акыны Төлөгөн Мамеев, Жогорку Кеңешинин депутаты, акын Мирлан Самыйкожо, эл жазуучунун иниси Кылыч Абакиров ж.б. кара сөз чебери, котормочу Мелис Абакировдун кыргыз адабиятында калтырып кеткен эмгектерине жана адамдык сапаттарына токтолуп өтүштү.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.