Маданият министри Мирбек Мамбеталиев маданият боюнча Ага хан Трастынын башкы директору менен жолугушту

Март 27, 2025 - 09:52
 14

24-мартта Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Маданият боюнча Ага Хан Трастынын башкы директору Луис Монреаль менен Стамбул шаарында (Түркия) жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизи максаты Бишкек шаарында жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы Республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернаттын музыкалык корпусунун ордуна курулуучу жаңы концерттик залдын долбоорун талкуулоо жана финансылык эсептөөлөрү менен таанышуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен 2025-жылдын 17-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Маданият боюнча Ага Хан Трастынын ортосундагы кол коюлган меморандумунун пункттарын аткаруу белгиленди.

Ошондой эле министр М. Мамбеталиев EAA архитектуралык агенттигинин штаб-квартирасында архитектор, агенттиктин негиздөөчүсү Эмре Аролат, Луис Монреаль менен бирге жаңы даярдалып жаткан жаңы долбоорлор жана ишке ашырылган Стамбул шаарынын Зинчирликую районундагы Зорлу аткаруучулук искусство борбору менен жеринен таанышты.

Маалымат үчүн: Зорлу борбору эң чоң театралдык комплекс болуп саналып, жалпы аянты 55 000 кв. метр аянтты ээлейт. Борбор эки негизги театралдык аянтты, галереяны, бир нече көргөзмө жана VIP залдарды, беш кабат административдик жана сахна бөлмөлөрүн камтыйт.
Бүгүнкү күндө Зорлу борборуна Түркия Республикасынын индустрия жана көңүл ачуу жүгүртүүсүнүн 15% туура келет.