26-сентябрда Марат Тагаев БУУнун Башкы катчысынын жаштар иштери боюнча жардамчысы Филипе Паульер менен жолукту
БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жаштарга карата иш-аракеттердин бүткүл дүйнөлүк программасынын 30 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги жыйынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев БУУ Башкы катчысынын жаштар иштери боюнча жардамчысы Фелипе Паульеро менен жолугушту. Тараптар жаштар саясаты чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды, жаштардын маданий жана коомдук жашоого катышуусун кеңейтүү маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен жаштардын демилгелерин ишке ашыруучу БУУнун структураларынын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, жаштар саясаты боюнча эл аралык диалогду бекемдөө жолундагы дагы бир кадам болуп калды.
Филипе Паульер Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2250 "Жаштар, тынчтык жана коопсуздук"резолюциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын бекиткен дүйнөдөгү саналуу мамлекеттин бири экенин белгилеп, бул резолюцияга БУУ тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнө турганын белгиледи.