МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын ачылыш аземине катышты

Февраль 28, 2024 - 18:56
 0  40

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында болушту.  

Белгилей кетсек, бул театрдын узак убакыттан бери өзүнүн имараты болгон эмес. Эми мурдагы “Октябрь” кинотеатрынын имаратында жайгаштырылды.  

Иш-чаранын конокторуна кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы тартууланды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыкты спектакль үчүн театрдын артисттерине алкыш айтты. 

“1941-жылы белгилүү сатирик Шаршен Термечиковго Эмгек сиңирген артист наамы ыйгарылган. Ал жалгыз адамдык театрдын жаратуучусу. Чүй облустук театры өлкөбүздүн театр искусствосунда жана маданият тармагында өзгөчө орунду ээлеп, чыгаан таланттарды тарбиялап келет. Бул театрда бир кезде эл артисттери Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каниметова, Марат Алышпаевдер иштешкен. Жаңы театрдын имараты чыгармачылык бийиктиктерди багындырууга жаңы дем, жаңы күч-кубат берсин. Театрга чоң ийгиликтерди каалайбыз”, – деди Акылбек Жапаров.