Жыл жыйынтыгы - 2023 - Коллегия

Февраль 27, 2024 - 18:29
 0  48
Жыл жыйынтыгы - 2023 - Коллегия
2023-жылы театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан жаңы 81 спектакль, 40 - жаңы концерттик программалар иштелип чыгып, жалпы коюмдардын саны 3 171 түздү. Жыл ичи 1 144 555 көрүүчү тейленди.
2022-жылга карата салыштырсак, көрүүчүлөрдүн саны 56,46 %га, жалпы коюмдар 26,18 %га, жаңы коюлган спектаклдердин саны 76,09 %га көбөйдү.
----
2023-жылы Китеп фонду 19 млн 485 миң 725 нусканы түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу китеп фонду 64 892 нускага толукталып, көбөйдү.
- Коомдук китепканалар тарабынан 9 млн 894 миң 35 нусканын бардык түрлөрү боюнча документтер берилген;
- санариптештирилген китептердин саны 30 500;
- өткөрүлгөн китепканалык иш-чаралардын саны 26 455;
- жалпы катышуучулардын саны - 4 869 334 (онлайн/оффлайн);
- китепканалардын колдонуучулары 1 млн 223 миң 191 адамды түзүп 2022-жылга салыштырмалуу 18 миң 23 адамга көбөйдү.
Министрлик тарабынан 6 (1 республикалык, китепкананын 3 облустук, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү 2 райондук) үчүн 8 млн 758 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Ошондой эле, 39 райондук китепканаларга 4 000 000 сом бөлүнүп компьютер жана принтер, сканер алынды.
-----
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жыл ичинде 57 укуктук ченемдик акт кабыл алынды. Тактап айтканда:
- 3 КРнын Мыйзамы (2 мыйзам маданият чөйрөсүндө, 1 мыйзам жаштар чөйрөсүндө);
- 4 КРнын Президентинин Жарлыгы (4 маданият чөйрөсүндө);
- 1 КРнын Жогорку Кеңешинин токтому (спорт чөйрөсүндө);
- 17 КРнын Министрлер Кабинетинин токтому (12 токтом маданият чөйрөсүндө, 5 токтом маалымат чөйрөсүндө);
- 1 КРнын Президентинин тескемеси (спорт чөйрөсүндө),
- 31 КРнын Министрлер Кабинетинин тескемеси (21 тескеме – маданият чөйрөсүндө, 3 тескеме – маалымат чөйрөсүндө, 4 тескеме – спорт чөйрөсүндө, 2 тескеме– жаштар саясаты чөйрөсүндө, 1 – тескеме этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө).
------
2023-жылы Кыргыз жараны түшүнүгүн жайылтуу максатында ар тармактын өкүлдөрүнүн арасында тренингдер жана тегерек стол жыйындары өткөрүлүүдө.
Ушул багытта 2022-жылы 50дөн ашык иш-чара өткөрүлүп, ага жалпы 1500дөн ашык адам катышкан болсо, ал эми 2023-жылы 80ден ашык иш-чара өткөрүлүп, ага жалпы 5000ден ашык адам катышты.
------
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын консервациялоо жана реставрациялоо боюнча 1089 музей буюмдары калыбына (реставрация) келтирилди.
 Бул 2022-жылга салыштырмалуу - 326 буюмга көп.
-5388 музей буюму санариптештирилди (оцифровка);
-3 978 музей фонду толукталды, 2022-жылга салыштырмалуу 1612 буюмга көп. Министрлик тарабынан фондду толуктоого акча каражат бөлүнгөн;
-276 көргөзмө уюштурулду;
-18 көчмө көргөзмө уюштурулду;
-595 113 көрөрмандар кабыл алынды;
-12 020 экскурсия уюштурулду;
-297 лекциялар окутулду.
------
2023-жылы Маданият министрлигинин тармактарына мамлекет тарабынан кошумча колдоого 7 306 745 800 ( жети млрд үч жүз алты миллион жети жүз кырк беш миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүндү.
Бул көрсөткүч акыркы 5 жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү.
Атап айтканда:
Маданиятка - 2 млрд 643 млн 451 миң 700 сом;
Билим берүүгө - 1 млрд 436 млн 528 миң 900 сом;
Киного - 345 млн 115 миң 600 сом;
Спортко - 1 млрд 829 млн 942 миң 900 сом;
Маалымат тармагына - 548 млн 79 миң 900 сом;
Жаштарга - 38 млн сомду түздү.
------
2023-жылы Китеп фонду 19 млн 485 миң 725 нусканы түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу китеп фонду 64 892 нускага толукталып, көбөйдү.
- Коомдук китепканалар тарабынан 9 млн 894 миң 35 нусканын бардык түрлөрү боюнча документтер берилген;
- санариптештирилген китептердин саны 30 500;
- өткөрүлгөн китепканалык иш-чаралардын саны 26 455;
- жалпы катышуучулардын саны - 4 869 334 (онлайн/оффлайн);
- китепканалардын колдонуучулары 1 млн 223 миң 191 адамды түзүп 2022-жылга салыштырмалуу 18 миң 23 адамга көбөйдү.
Министрлик тарабынан 6 (1 республикалык, китепкананын 3 облустук, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү 2 райондук) үчүн 8 млн 758 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Ошондой эле, 39 райондук китепканаларга 4 000 000 сом бөлүнүп компьютер жана принтер, сканер алынды.
------
Кыргыз спорту өнүгүү жолунда
2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында:
- 13 475 адамдын катышуусу менен 285 республикалык спорттук-массалык иш-чара;
- 10 252 спортчунун катышуусу менен 274 Эл аралык спорттук-массалык иш-чара;
- аймактарда 1515 спорттук-массалык иш-чара уюштурулуп, ага 163 724 адам катышты.
- 207 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлдү.
2023- жылы кыргыз спортчулары 254 эл аралык мелдешке жөнөтүлүп, жалпы 537 медаль утуп алышкан: анын 185 алтын, 116 күмүш жана 236 коло медаль.
------
2023-жылы “Жаштар жөнүндө” жаңы мыйзамга кол коюлду
Жаңы мыйзамдын негизинде 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар өлкөнүн калкынын санын 35%ын түзөт.
Азыркы учурда мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Жаштар саясаты үчүн 2023- жылдын эң чоң жаңылыгы жаштарга каралган каражат он эсеге көбөйтүлгөнү болду.
Каражаттын көбөйүшү план түрүндө кагазда гана калып келген пландардын бир тобун аткарууга шарт түздү.
------
Маданият министрлиги теле жана радио тармагына уруксат берүүдөн сырткары көзөмөлдөө, алардын маалымат саясатын жүргүзүүдөгү ишин тескөө боюнча да бир топ иштер аткарууда.
2023-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын жана “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамынын аткарылштарын көзөмөлдөө боюнча пландык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 27 телерадио компаниялардын аткарып жаткан жумуштары каралып, 252 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй телерадио берүүлөрдө/уктурууларда 60 пайыз мамлекеттик тилде, ал эми 40 пайыз расмий жана башка тилдерде болушу керек.
Ошондой эле телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү берүүлөр/уктуруулар болууга тийиш деген нормалар сакталбагандыгы үчүн айып пул салынган.
----