МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Асман менен Ысык-Көлдүн ортосунда: Кыргызстанга 100 көз караш” сүрөт көргөзмөсүнө барды

Февраль 28, 2024 - 18:58
 0  47

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Асман менен Ысык-Көлдүн ортосунда: Кыргызстанга 100 көз караш” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн жана Кыргызстандын жаратылышынын уникалдуу сүрөттөрү камтылган китептин ачылыш аземине катышты. Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде коюлган.  

 “Долбоордун авторлору Ысык-Көлгө чыгармачылык менен изилдөө иштерин жүргүзүп, мыкты фотосүрөттөрдү жаратышкан. Бул фотосүрөттөр адамдын көзүн гана тартпастан, баарыдан мурда жаратылышка, анын байлыктарына аяр мамиле кылууга, адамзаттын келечеги үчүн бул байлыктарды изилдөөгө жана сактоого чакырат. Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, мекенибиздин кайталангыс жаратылышы чагылдырылган 6 миңден ашык сапаттуу фотосүрөттөрдү жаратып, фото искусствонун бул кереметтүү эмгектерин Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине тартуулаган окумуштуулар жана пикирлештер жамаатына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз”, - деген Акылбек Жапаров Ысык-Көл боюнча изилденген бул иш мамлекеттик органдардын, эң оболу, Улуттук илимдер академиясынын, Россия Федерациясынын илимдер академиясынын жана коомдук уюмдардын көз жаздымында калбай турганын кошумчалады.  

 Долбоордун авторлору:  

 Михаил Флинт - долбоордун жана фотосүрөттөрдүн автору, алдыңкы орусиялык окумуштуу-биоокеанолог, биология илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын академиги, Владимир Онопко - заманбап фотоаппараттар тармагындагы техникалык адис жана консультант, Петр Завьялов – П.П.Ширшов атындагы Океанология институтунун директорунун орун басары, география илимдеринин доктору, профессор, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Салмор Алымкулов – бул долбоорлордун соавтору, илимий экспедициялардын уюштуруучусу, Кыргызстандын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, техника илимдеринин доктору, профессор.