Алтынбек Максутов Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нура Голлиев менен жолугушту

Март 5, 2024 - 18:51
 0  28
Алтынбек Максутов Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нура Голлиев  менен жолугушту
Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нура Голлиев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Тактап айтканда, Алтынбек Максутов Кыргызстан эгемендик алгандан бери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер достук, өз ара урматтоо жана маданий-гуманитардык багытта өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле 2023-жылы Ашхабад (Түркмөнстан) шаарында өткөн "Бакыт доорунун театр искусствосу" эл аралык фестивалынын жыйынына Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры "Махтумкули Фраги" спектакли менен катышканын, Бишкекте өткөн "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы тууралуу айтып, Түркмөнстанждын Лебап шаарындагы түркмөн музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты Ч. Айтматовдун Ак- кеме" спектаклин Перхат Худайбереновдун сахналаштыруусуна тартуулап, фестивалдын уюштуруучуларынан атайын сыйлык алгандыгын белгиледи.
Министр ошондой эле түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фрагинин  300 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Өз кезегинде Нура Голлиев министрге жолугушууга убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгы кеңири белгилене тургандыгы тууралуу айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.