5-апрелдин кечинде Казакстандын Мангистау облусунда “Актау – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталыштагы маданий долбоорунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылышка маданият жана дипломатия өлкөсүнүн көрүнүктүү инсандары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Түрк дүйнөсүнүн маданий уюму (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева жана Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев катышты.
Расмий программанын жүрүшүндө ата-бабалардын мурасын жана түрк элдеринин руханий биримдигин чагылдырган хореографиялык номерлер көрсөтүлдү. Концерттик программа ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн артисттеринин чыгармалары менен башталып, анын ичинде кыргыз бийчилери жана ырчылары маданий мурасынын байлыгын жана ар түрдүүлүгүн көрсөттү.
Сахнада Димаш Кудайберген, Роза Зергерли, Юлдуз Усманова жана Kalifarnia сыяктуу түрк дүйнөсүнүн белгилүү аткаруучуларынын чыгармалары орун алды.
Аталган долбоордун алкагында ноябрь айына чейин 30дан ашуун эл аралык тематикалык иш-чаралар өткөрүлөт, негизги максат – тажрыйба алмашуу жана маданий демилгелерди жайылтуу.