Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев иш сапары менен Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр театрдын учурдагы абалы жана жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Театрдын директору Таалайбек Тургунов маданий жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана инфратүзүмдү жаңылоо боюнча аткарылган жана пландаштырылган иштер тууралуу маалымат берди.
Жыйынтыгында министр бардык оңдоп-түзөө иштерин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Бекитилген планга ылайык, 2025-жылдын 31-августуна чейин театрдын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, үн күчөтүүчү жана жарыктандыруу жабдыктар, сахна бөлүгү толугу менен жаңыланат.