Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Август 13, 2024 - 17:54
 88

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

төмөнкү бош кызмат орунга сынак жарыялайт

 

Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна (дареги: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Гебзе көчөсү 120).

 

Аталган кызмат ордуна (директор) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.

 

Директордун кызматтык милдеттери:

директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;

штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;

буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;

педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;

мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;

өзүнүн орун басарларын дайындайт;

мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;

монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

арыз;

паспорт;

кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);

резюме;

белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.

 

Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 13-августунан
26-август күндөрүнө чейин кошуп эсептөө менен тапшырылууга тийиш.

Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683. 

Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.