Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директорунун ордуна сынак жарыяланат
Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директорунун ордуна сынак жарыяланат
Аталган кызмат ордуна (директор) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Директордун кызматтык милдеттери:
директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
арыз;
паспорттун көчүрмөсү;
кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
резюме;
белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 21-октябрынан тартып
1-ноябрына чейин кошуп эсептөө менен тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683.
Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.