Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Октябрь 21, 2024 - 12:48
 36
Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Аталган кызмат орунуна (директор) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.

Директордун кызматтык милдеттери:
 директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
 штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
 буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
 педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
 мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
 өзүнүн орун басарларын дайындайт;
 мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
 кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
 монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
 арыз;

 паспорттун көчүрмөсү;
 кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
 резюме;
 белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
 белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
 соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
 билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.

Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 21-октябрынан 
тартып 1-ноябрына чейин кошуп эсептөө менен тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683. 
Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.