С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Октябрь 14, 2024 - 14:35
 50
С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

(дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 6).


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык аталган кызмат ордуна (директор) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:


“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.


Директордун кызматтык милдеттери:
 директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
 штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
 буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
 педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
 мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
 өзүнүн орун басарларын дайындайт;
 мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
 кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
 монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
 арыз;
 паспорт;
 кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
 резюме;
 белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
 белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
 соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
 билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 14-октябрынан 
25-октябрь күндөрүнө чейин кошуп эсептөө менен тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683. 
Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.