Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институтуна бош орундарды ээлөө үчүн документтерди кабыл алууну жарыялайт:

Январь 31, 2025 - 16:04
Февраль 7, 2025 - 16:04
 35
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институтуна бош орундарды ээлөө үчүн документтерди кабыл алууну жарыялайт:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институтуна бош орундарды ээлөө үчүн документтерди кабыл алууну жарыялайт:
- Илим жана долбоорлоо боюнча директордун орун басары;
- Долбоорлоонун башкы архитектору;
1. Кесиптик билим деңгээли: Жогорку техникалык, архитектура жана курулуш, имараттарды реконструкциялоо жана реставрациялоо (артыкчылык) тармагында
2. Иш тажрыйбасы:Инженердик-техникалык кызматтарда 3 (үч) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
3. Күбөлүктүн болушу: Курулуш тармагынын адистерине мамлекеттик баштапкы квалификациялык күбөлүгү
Жогорку кабыл алууга катышуу үчүн папкага төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- өздүк арызы;
- сүрөт резюмеси менен (элек. почтасы жана телефонун көрсөтүү менен);
- өмүр баяны, (соттолбогондугу тууралуу маалымат каты);
-кадрларды эсепке алуучу баракчасы: нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырасттоочу документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариус же акыркы ииштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү;
Квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Аңгемелешүүгө катышууну каалаган жарандар папкага салынган жогорудагы документтерди тапшырышат (папка Дело №) 2025-жылдын 1-февралынан 10-февралына чейин , Боло турган дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү -78 Директордун кабинети тел.: 62-10-73;
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар аңгемелешүүгө катышууга жол берилбейт.