Уланмырза Карыпбаев «Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссеру» деп табылды.
2025-жылдын 3-февралында Стамбул шаарында ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн театр ишмерлерине 2024-жылдын натыйжасында эл аралык театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Жыл сайын Түркияда «Tiyatro» уюму жана «TURKSOY» эл аралык уюму биргелешип түрк дүйнөсүнүн театр искусствосу жаатындагы ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарды ыйгарышат.
Эл аралык 10-театр сыйлыгынын тандоо комиссиясы «Түрк дүйнөсүнүн эң
мыкты театр режиссеру» номинациясын режиссер Уланмырза Карыпбаевге ыйгарды.
Маалымат үчүн:
Уланмырза Карыпбаев 2014-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы студиянын бүтүрүүчүсү. 2020-жылы Санкт-Петербургдагы Россия мамлекеттик театр искусствосу институтун «театралдык режиссура»адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап жана Екатеринбург мамлекеттик театр институтунун «Маданият жана искусство тармагындагы менеджмент» адистиги боюнча кесиптик кайра даярдоо курстарын бүтүргөн.
Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын, Казакстандын, Белоруссиянын, Россиянын жана Түштүк Кореянын театрларында 35ке жакын спектакль койгон.
2018-2020-жылдары Байтен Омаров атындагы Алматы шаарынын «Жас Сахна» театрынын режиссеру.
2020-2022-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер.
2022-2024-жылдары Азербайжан Мамбетов атындагы Мамлекеттик драма жана комедия театрынын (Казакстан Республикасы) башкы режиссеру, ошол эле убакытта Казак улуттук искусство университетинин режиссёрдук курсунун жетекчиси болгон.
Ошондой эле 2022-жылдан бери Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын режиссеру.
2024-жылдан тартып Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин актёрдук жана режиссёрдук курсунун жетекчиси.
Уланмырза Карыпбаев койгон спектаклдер бир нече жолу Эл аралык театр фестивалдарынын лауреаты аталып Кыргызстанга 7 Гран-При алып келген.
2024- жылы Бексултан Жакиевдин пьесасынын негизинде коюлган Уланмырза Карыпбаевдин «Саадак какты» спектакли Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүнүн алкагында Малый театрынын сахнасында көрсөтүлдү.
Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.
«ТУГАНЛЫК» эл аралык театр фестивалында «Ак кеме» спектакли үчүн «Эң мыкты режиссёрдук жумуш » номинациясы, Уфа, Башкортостан Республикасы (2024).
«ART-ORDO» Эл аралык фестивалында «Кун кармаган бала» спектакли үчүн «Эң мыкты режиссура»,Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы(2023).
«TEATRALL» Эл аралык фестивалда «Боранды бекет» спектакли үчүн А.Мамбетов атындагы сыйлык жана «Эң мыкты режиссура», Астана, Казакстан Республикасы (2022).
«Эң мыкты режиссер» номинациясы боюнча «Эргүү» Улуттук театр сыйлыгынын лауреаты (2021,2022,2024)
«Эң мыкты режиссер » (2023) номинациясында Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин «УМАЙ» Улуттук сыйлыгынын дипломанты.
Уланмырза Карыпбаев түрк маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ТҮРКСОЙ уюмунун «Ардак» ордени, «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгиси,Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Ардак грамотасы, Алтай Республикасынын Маданият министрлигинин ыраазычылык каты, Татарстан Республикасынын Маданият министрлигинен ыраазычылык каты, Санкт-Петербург шаарынын губернаторунун диплому «Санкт-Петербургдун эң мыкты бүтүрүүчүсү 2020», Казакстан Республикасынын «Эмгек Данкы», Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили», «Кыргыз телевидениесине 90 жыл», Манас улуттук театрынын «Ураанынм Манас», «Атилла», Санкт-Петербургдун губернаторунун « Маданият жана искусстводогу кызматы үчүн» медалдары жана ошондой эле Кыргыз Республикасындагы «Россотрудничество» өкүлчүлүгүнүн, Бишкек шаардык мэриясынын, Астана шаарынын акимчилинин, Россия Федерациясыгын Театр ишмерлер союзунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Маданият жана искусстводогу жетишкендиктери үчүн Уланмырза Ч.Айтматов, А.Мамбетов, Ж.Абдыкадыров, И. Рыскулов, А.Сарлыкбеков, А.Шатенов жана С. Каралаев атындагы эл аралык жана республикалык сыйлыктардын лауреаты аталган.