Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Беларусь Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укутуу Элчиси менен жолугушту

Февраль 6, 2025 - 16:12
Февраль 7, 2025 - 16:15
 24

5-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, өзгөчө төмөнкү маселелерге көңүл бурушту:
- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;
- КМШ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү;
- Маданий жана гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү кеңейтүү.
Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташуунун жогорку деңгээлин жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон өз ара даярдыгын баса белгилешти.