Некролог - Самсак Станалиев
Кыргыз эли, улуттук маданият жана адабият орду толгус жоготууга учурады. 2024-жылдын 12-июнь күнү Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, акын, прозаик, жазуучу, сынчы, публицист, котормочу Самсак Станалиев 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Станалиев Самсак Станалиевич 1950-жылдын 11-сентябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жазы-Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген.
1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.
Алгачкы эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө башкы бухгалтери болуп иштеген.
1969-жылдан 1971-жылга чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1971–1972-жылдары Токтогул райондук “Учкун” гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин Мамлекеттик телерадиосунун жаштар редакциясында редактор,
1978–1980-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин “Мектеп” басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан тартып “Кыргызстан маданияты” гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.
2000–2001-жылдары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган “Кыргызстан” энциклопедиясын чыгарууга редактор, 2001-жылдан тартып “Кыргыз Туусу” гезитинде баяндамачы, 2005–2011-жылдары “Адабий Ала-Тоо” гезитинде башкы редактор, 2019–2021-жылдары ай сайын чыгуучу “Ала-Тоо” адабий журналында башкы редактор кызматтарын аркалаган.
Самсак Станалиев 1989-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, ал поэтикалык жана прозалык 12 китептин, ошондой эле
С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, Ж. Турусбеков,
Т. Сыдыкбековдун ж.б. өмүр жолун, чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын, “Токтогул району” (2005), “Бул эмне, ал ким?” (1987, 2004) аталыштагы балдар энциклопедиясынын авторлорунун бири.
Ошондой эле Самсак Станалиевдин “Сүйүнчү” (1982), “Кыймыл” (1986), “Ылдамдык” (1990) аттуу ыр китептери, “Ак нурунан аккан жаш” (2004), Токтогулдун махабаты (2004), “Акзыйнат” (2004), “Атайдын күйдүм чогу” (2004), “Жүрөктөгү ыр” (2004), “Раймалы” (Э.Отунчиев менен бирге) (2005), “Залкарлар сүйгөн сулуулар” (2007) аттуу китептери кыргыз тилинде жарык көргөн. Ал эми айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп, жарыяланган.
Самсак Станалиев – кыргыз адабиятында тарыхый-биографиялык романдары менен өзгөчө орун ээлеген жазуучу катары окурмандардын элесинде калды. Касым Тыныстановдун өмүр жолу баяндалган “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (2001), Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрүн жана чыгармачылык тагдырын баяндаган “Жылдын эң узак күнү” (2007), улуу жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” (2018) роман-трилогиясын жазган.
Самсак Станалиев кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланган. 2020-жылы “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиевдин жаркын элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат.
Анын үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, Н.К. Кадырбеков, К.К. Сулайманов, М. Самыйкожо, А.К. Койчиев, С.А. Раев, А.А. Максутов, Т.М. Ажымалиев, К.К. Иманалиев, А.Ж. Жакшылыков, К.О. Иманалиев, М.А. Ааматов, Т.С. Самидинов, А.Т. Сыргабаев, Б. Чотурова, К.Ж. Жусупов,
Ө.Д. Даникеев, С.Ж. Жетимишов, А.Р. Рыскулов, К.Ж. Жусубалиев, Ш.Д. Дуйшеев, К.А. Ашымбаев, А.А. Тюкебаев, Т.М. Мамеев, К.Б. Бакиров, А.Ө. Өмүрканов, Н.А. Алымбеков, М.М. Мамазаирова, Т.З. Закирова, С.А. Акматбекова, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов,
С.Г. Суслова, Т.Т. Казаков, Т.А. Чокиев, Ж.Д. Жунушов, Ж. Бокошов ж.б.