Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жаштар саясатын ишке ашыруу максатында коммерциялык эмес уюмдар арасында уюштурулган коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүнө сертификат тапшырды.
Конкурстун максаты: жаштарды өнүктүрүү, социалдаштыруу, билим берүү, ден соолук, активдүү жарандык катышуу жана кесиптик өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Аталган сынак мамлекеттик социалдык заказ алкагында ишке ашырылып, жеңүүчү болуп табылган ар бир уюмга 500 000 сом өлчөмүндө сертификаттар ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй багыттар боюнча тандалып алынды:
1. “Youth of Osh” коомдук бирикмеси долбоордун темасы: Жаштар жана Мурас (Молодежь и Наследие) ;
2. “Новый Ритм” коомдук бирикмеси долбоордун темасы: Жаштар арасында медиа платформалар аркылуу экоактивизмди жайылтуу;
3. “Медиа Рай” коомдук фонду долбоордун темасы: Жаштардын санариптик билимдерин жогорулатууга салым кошуу менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачуу;
4. “РухЭш” коомдук бирикмеси долбоордун темасы: Социалдык маанилүү темаларды талкуулай ала турган, көйгөйлөрдү чагылдырып жана маалымат менен бөлүшө алган жаштар медиясын, блогдорун, подкасттарын жана башка платформаларды түзүү;
5. “Ойгонуу” коомдук кайрымдуулук фонду Окутуучуларды / репетиторлорду издөө жана онлайн окутуу үчүн платформаны иштеп чыгуу;
6. “Инновацияларды, лидерликти жана адам ресурстарын өнүктүрүү” коомдук фонду; долбоордун темасы: Театр перемен-путь к безопасным школам.