Мирбек Мамбеталиев Ислам Кызматташтык Уюмунун Жаштар форумунун президенти менен жолукту

Апрель 28, 2025 - 22:32
 7

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Ислам Кызматташтык Уюмунун (мындан ары – ИКУ) Жаштар форумунун президенти Таха Айхан мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар саясатын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

Министр Мирбек Мамбеталиев Таха Айхан мырзанын Кыргызстанга болгон сапары эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү кадам экенин жана ИКУнун жаштар форумунун алкагында жаштар саясатын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип келе жатканын белгиледи. Ошондой эле, жаштарды ар тараптуу колдоо жана эл аралык тажрыйба алмашуусуна үчүн шарт түзүү башкы артыкчылыктуу багыт экендигин билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Модель ОИС” долбоору, дебаттык турнирлер жана эл аралык конференциялар жаштардын интеллектуалдык жана лидерлик потенциалын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгы айтылды. Мындай иш-чаралар кыргыз жаштарынынын дүйнөлүк процесстер боюнча терең билим алуусуна, өз ара түшүнүшүүнү, ынтымак жана биримдикти бекемдөөсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Келечекте Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарын Ислам Кызматташтык Уюмунун Жаштар борбору кылуу боюнча демилге көтөрүлүп, бул багытта биргелешкен аракеттерди улантуу ниети билдирилди.