Айнура Аскарова кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча ODA долбоорун ишке ашыруу жана кызматташуу максатында Корея Республикасына барып келди

Сентябрь 14, 2023 - 22:22
Сентябрь 14, 2023 - 22:22
 0  71
Айнура Аскарова кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча ODA долбоорун ишке ашыруу жана кызматташуу максатында Корея Республикасына барып келди
Айнура Аскарова кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча ODA долбоорун ишке ашыруу жана кызматташуу максатында Корея Республикасына барып келди
Айнура Аскарова кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча ODA долбоорун ишке ашыруу жана кызматташуу максатында Корея Республикасына барып келди
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова жетектеген делегация кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча ODA долбоорун ишке ашыруунун алкагында маалымат алмашуу жана кызматташуу максатында Корея Республикасында болду.
Иш сапардын алгачкы күнү делегация Кореянын кол өнөрчүлүк, дизайн маданияты, Маданият жана туризм институту жана Маданий мурастар фондусунун ишмердүүлүгү, глобалдашуу доорунда маданий мурастарды модернизациялоо иштери менен таанышты. Андан соң, делегация курамы «Чоңжу кол өнөрчүлүк биенналлы 2023” иш-чарасына катышып, тараптар маданий мурастар боюнча тажрыйба алмашуу, эл аралык алакалар аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин алкуулашты.
Ал эми, иш сапардын экинчи күнүндө министрдин орун басары Айнура Аскарова Кореянын улуттук фольклор музейиндеги креативдик технология менен чагылдырылган маданий баалуулуктар менен таанышып, Корея кол өнөрчүлүк жана дизайн фондусунун Кыргызстандагы ишке аша турган болочок долбоорлор туурасында баарлашты.
Андан соң, маданий мурастардын ODA конференциясынын ачылыш аземи Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Вьетнам, Лаос ж.б өлкөлөрдүн катышуусунда өтүп, Кореянын маданий мурастар башкармалыгы менен жолугушуу – корейлердин байыркы тарыхый сарайында уланды.
Буга чейин ушул жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданий мурас башкармалыгынын ортосунда маданий мурас жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү Меморандумга кол коюлган болчу. Бул келишимдин негизинде эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык кызматташуусу жанданып, салттуу көл өнөрчүлүк, маданий жана маданий эмес мурастарды сактоо, креатив музейлерди ачуу, маданий институттарды жандандыруу ж.б жаатында тажрыйба алмашуусу каралган.
Андан соң, делегация чеберлердин мекени болгон Чонжу шаарында 2 жылда бир өтүүчү кол өнөрчүлөрдүн биенналесинин ачылыш аземине катышышты. Ал 20 өлкөнүн катышуусунда чоң салтанат менен өттү. Иш чара аймак губернатору Ким Ең Хуан жана шаар мэри тарабынан ачылып, расмий сөз министрдин орун басары Айнура Аскаровага берилди. Анда ал Кыргызстанда материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча 2003-жылкы Конвенциянын 20 жылдыгын белгилөө, материалдык эмес мурастарды коргоонун акыркы жылдагы жетишкендиктери жана келечеги тууралуу баяндама жасады.
Иш-сапардын алкагында делегация Кореянын тарыхый, заманбап, аймактык, балдар көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк архив, китепкана, эл аралык деңгээлде корей маданиятын жарыялоо максатында түзүлгөн Улуттук фольклордук музейи, Улуттук материалдык эмес маданий мурастарды окутуу борбору менен таанышып, андагы башкаруу системасы, программалар менен системалуу иш алып баруу боюнча тажрыйбаларга күбө болуп, келечекте Кыргызстанда мындай тажрыйбаны колдонуу жолдору жана салттуу кол өнөрчүлүк борборун түзүү боюнча идеяларды талкуулашты.
Иш-сапар бир аптага уланып, тараптар мындан ары да эки тараптуу кызматташунун келечектерин