Эл аралык мамилелер

Сентябрь 14, 2023 - 20:05
Сентябрь 28, 2023 - 22:39
 0  73
Эл аралык мамилелер

Эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмдүк бөлүмү, анын багыты министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу болуп саналат.

Бөлүм өз ишин борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери менен биргеликте жүргүзөт.

Милдеттери жана функциялары

  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты колдоо жана өнүктүрүү;
  • КМШ, ШКУ, ЕАЭБ, ТҮРКСОЙ, ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында Кыргыз Республикасынын маданият тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү жана активдештирүүгө байланыштуу иштерди уюштуруу;
  • чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын позитивдүү имиджин түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Министрликтин бирдиктүү инвестициялык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, аны ишке ашырууда Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин ишин координациялоо;
  • Министрликтин системасын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу максатында эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндө боло турган эл аралык иш-чаралар тууралуу маалыматты коомчулукка, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилигине жеткирүү.

Негизги милдеттерге ылайык бөлүмгө төмөнкү функцияларды ишке ашыруу жүктөлөт:

  • КРнын Президенттин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн буйруктарын, жогору турган органдардын башка документтерин, Министрликтин ченемдик укуктук актыларын жана директивдик документтерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле тиешелүү жылга бекитилген пландарды ишке ашыруу;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык боюнча келип түшкөн кат-кабарларды (анын ичинде Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн) кароо жана аларды которууну ишке ашыруу;
  • маданият жана искусство чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу, алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон макулдашуунун тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорун өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
  • маалымат жана туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууда консультациялык мүнөздөгү жардам көрсөтүү, алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон макулдашуунун тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорун жүргүзүү;
  • Министрликтин жетекчилигинин чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрүн даярдоого жана өткөрүүгө протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоону ишке ашыруу;
  • министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ички жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана жолугушууларга катышуу;
  • Министрликтин жетекчилигинин чет өлкөлөргө иш сапарынын уюштуруу маселелерин иштеп чыгуу жана Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери менен биргеликте эл аралык иш-чараларда жетекчиликтин сүйлөгөн сөзүнүн тезистерин даярдоо;
  • чет мамлекеттердин маданият, маалымат, туризм, спорт, жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу органдары менен, анын ичинде Өкмөттүн деңгээлинде эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
  • Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин сунуштарын жалпылоо жана талдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияларынын жыйналыштарынын протоколдорунун долбоорлоруна киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо;
  • Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери менен бирдикте алардын компетенциясына ылайык маданият, искусство жана туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин ченемдик-укуктук базасын жана долбоорлорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо, тийиштүү иштерди жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички макулдашуу тартиби;
  • Кыргыз Республикасында маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык иш-чараларды (Маданият күндөрүн, фестивалдарды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды ж.б.) уюштурууда жана өткөрүүдө жалпы координациялоону ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө көмөк көрсөтүү; маданият, маалымат жана туризм тармагы чет мамлекеттердин аймагында өткөрүлүүчү эл аралык иш-чараларга катышууда (расмий кат алышуулар, сүйлөшүүлөр, кирүү визасын алууга көмөктөшүү ж.б.);
  • маданият, маалымат, туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө чет өлкөлөрдө окуудан жана стажировкадан өтүүсүнө көмөк көрсөтүү;
  • чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жана даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Башкармалыктын ишинин негизги багыттары боюнча кириш жана чыгыш документтерин эсепке алуу жана сактоо;
  • эл аралык жана коомдук уюмдардын жана фонддордун маалымат базасын жүргүзүү;
  • Башкармалыктын компетенциясынын чегинде инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык жана коомдук уюмдар жана фонддор менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
  • маданият, искусство, маалымат жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизет;
  • маданият, искусство, маалымат жана туризм тармагына чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга багытталган иш-чаралардын программаларын жана комплекстерин иштеп чыгат жана ишке ашырат;
  • инвесторлорду издөө жана тартуу, маданият, искусство, маалымат жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо;
  • инвестициялык иш-чараларды ишке ашырууга жана министрликтин инвестициялык саясатын ишке ашырууга байланышкан долбоорлорду иштеп чыгат;
  • инвестициялык сунуштар жана долбоорлор боюнча маалымат базасын түзөт жана жаңылайт.